X

«Тирүү жүргөнүмө сүйүнбөйм»: 89 жаштагы пенсионер апанын каты

Батыш-казакстандык «Надежда» гезити 89 жаштагы пенсионер апа Анастасия Ивановна Желтухованын катын жазып чыгарган. Анда, кары аял өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө кыйналып жашап жатканын айтып берген.

Надежда

«Караңгыда кат жазып жатам. Күндүзү күн нурун көздү уялтып, эч нерсе көрбөйм. Азыр саат төрт болду, бүгүн 1-июнь. Сегиз айдан кийин токсонго чыгам. 23 жылдан бери улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусунун жесир калган аялы катры өмүр сүрүп келем. Биздин муун фашизм менен күрөшүүдө эбегейсиз чоң салым кошкон. Күнү-түнү дебей бекер иштеп,  зайым жана мамлекетке салык төлөчү элек. 30-40-жылдары ачкачылыкты баштан өткөрдүк. Мен бухгалтер-кассир болуп иштедим, сыйлык, мактоо баракчаларын алып, дайыма ардактуу кызматкер катары сыйланып келчү элем.  Бир да жолу сыркоолоп, ооруканага жатып, жумушка чыкпай койгон жокмун. Пенсияга болсо унаабагынан 1983-жылы чыктым. 

Менин кулагым укпайт, оң көзүм (глаукома), сол көзүм (хрусталик). Бут алдыман эч нерсе көрбөйм. Көз айнек менен жазып жатам. 2012-жылдан бери муундарым сыздатып, араң басам. Жанымда жакындарым жок. Эки уулум бар: бири Оренбургда, экинчиси- түндүк Казакстанда, ошондуктан 2009-жылы мага өкмөт атайын кызматкер бөлүп берген. Ал үйгө бир жумада эки жолу келип, полумду жууп, дүкөндөн азык-түлүк алып келип берет. Бирок дайыма эле убагында келүүгө анын дагы шарты жок. 

Азыр мамлекеттик майрамдыр көбөйбөдүбү, алар 7-10 күнгө уланып, дем алыштар болуп калат. Бул убакка мен үйгө азыктарды толтуруп алышым керек. Бирок нандарым 3-4 күндө эле көгөрүп кетет. Өзүм дүкөнгө бара албайм. Дарбазадан чыксам эле аң, таштардан улам жолду дагы көрбөйм. Менин катымды почтага ким жетирет билбейм. Эшикте өтүп бара жаткандарды суранам го.

22-майда мени карап, келип-кетип жүргөн кызматкер эмгек өргүүсүнө кетиптир. Анан анын ордуна башкасы келди. Ортодон 1 жумалап эч ким болуп калат. Бул убакта нандарым катып калат. Аны менен бирөөнү  башка чапсаң, өлтүрүп алышың ыктымал. Мен суюк тамактарды эле жасай алам, ошондуктан  нан абдан керек.

Кетип калган кызматкердин ордуна туруктуу бирөөнү качан алышат билбейм. Мыйзамдар азыр өзгөрүлүп калбадыбы. Мен ал жумушчулар үчүн бөлөк адаммын, менин алсыздыгым алардын башын оорутпайт. Бул абал качанкыга чейин уланат билбейм. Ойлонсом жүрөгүм ооруйт. Уулум дагы Оренбургдан кайтпай жатат. Акыркы жолу 28-апрелде келген эле. Эмне болду экен?

Бийлик кары анан оорулу адамдардан акчасын аяйт. Аткаминерлер милиондогон, миллирддаган теңгелерди казнадан уурдап, 2-3 жылга отуруп анан боштондукка чыгып кетет. Казакстанда бай адамдар абдан көп. Алар карапайым элдин артынан байып жатпайбы. Жупуну калк- кедей, малай. Байлар аларга 25-30 миң теңгеден төлөбөй, кичине көбүрөөк акча берсе балким эптеп күн көргөнгө жетмектир. 

Уулум бир жолу ошол жарты тыйын-тыпырды дагы убагында бербейт деп жазган эле, 2-3 айга кечиктирет экен. Бай өзү чечет, малай күтө турат, эчтеке болбойт. 

Түндүктө кымбат көмүрдү алып турушат тура. Балам 59 жашта. Пенсияга чыгуу үчүн дагы 4 жыл иштеши керек. Ошондуктан өзүмдүн пенсиямды мен үчкө бөлөм. Өзүмө анан эки уулума. Бул кадамга барган мжалгыз эне эмесмин. Биздин балдар бизге бербей эле тескеринче, биз берип калдык. 

Баягы депутаттар ысык нан жесе, биз катыган токоч жегенге мажбурбуз. Кечирип койгула, бирок мен тирүү болгонума сүйүнбөйм. Ошондуктан редакцияга кат жаздым. Бийлик 1 жумада бир кары адамдарга жиберген кызматкерлерин бир калыпка келтирип алсынчы. Катымды чыгарып койгулачы. Азыр менде 7-июнга чейин жарым батон нан калды»